Кыргызстанда бардык шайлоо тилкелеринде мөөнөтүнөн мурда парламентке шайлоого добуш берүү токтотулду.
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылган, саат 20:00дө добуш берүү аяктады.
Белгилей кетсек, шайлоодо республика боюнча жалпы 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылган.
Шайлоочулардын тизмесине 4 миллион 294 миң 243 жаран киргизилген.