Жылнаама, 21-январь: Мындан 20 жыл мурун Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы башталган

*1701-жылы бул күнү Пётр I инженердик мектеп куруу туурасында жарлык чыгарган. Учурда Орусияда 21-январь Инженердик аскерлер күнү катары белгиленип келет.   
*Мындан 90 жыл мурун, тактап айтканда, 1924-жылдын 21-январында совет мамлекетинин жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин каза болгон. Ал 1870-жылы 22-апрелде жарык дүйнөгө келген. 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Орус падышачылыгын тактан кулатып, ал бийликке келген. 
*1975-жылдын ушул күнү мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы “Умм аль-Куро” аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары жогоруда аталган окуу жайда фикх боюнча билим алган. Ошондой эле Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. 
*Мындан 20 жыл мурун Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы башталган. Анда “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” урааны кабыл алынып, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы түзүлгөн. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан