Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен 36 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, кырсык 6 күн мурун, тагыраагы, 26-ноябрда саат 07:05 чамасында Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тилекке каршы, 59 жаштагы жабырлануучу 27-ноябрда таңга маал Улуттук госпиталда каза болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.