Япониянын түндүгүндө күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, жер титирөө кечээ, 8-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:15те (Бишкек убактысы боюнча 20:15те) болгон. Мындан улам өлкөнүн чыгыш жана түндүк-чыгыш жээктеринде цунами коркунучу тууралуу эскертүүлөр берилди.
Буга чейин Японияда июль айында катуу жер титирөө катталып, анда дагы цунами тууралуу эскертүү берилген болчу. Учурда кырсыктын кесепетинен келип чыккан чыгашалар эсептелүүдө.