
Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги "Азиз" базарындагы контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан аталган базардан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп тартылган.
Учурда жеринде өрт өчүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.