Биз социалдык тармакта

Президент кар жиреп мектепке барган Нурзаманды кабыл алды

Бүгүн, 17-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Оштун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы Айдын-Көл башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.

Президент окуучу менен баарлашып жатып, анын кар жиреп мектепке баргандагысы тартылган видеону көргөндө балалык кезин эстегенин айтты. Жапаров Нурзаманга ноутбук, футбол тобун, китеп жана өзүнүн телефонун белекке берди.

Буга чейин социалдык тармактарда Нурзамандын дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Окуучу президенттик балатыга чакырылган.


Президент кар жиреп сабакка барган Нурзаманды кабыл алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2025-12-17 20:31:00
Телефон, планшет, интернет жана социалдык тармактар билимден ого бетер алаксытып жатабы? Телефон колдо турганда китепти эч ким эстебейт. Билимге кызыгуулары жок көпчүлүк окуучулардын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан