Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев менен жубайы уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Айтымында, келинчеги кечээ, 17-декабрда көз жарган.
Эске салсак, буга чейин ырчы мырза Мадина аттуу айымга баш кошкону тууралуу маалымдалган.