Францияда узундугу 1,5 чакырым келген поезд ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда байкоо үчүн гана жүрүп жаткан мындай узундуктагы жүк ташуучу поезддер 2016-жылдан тарта көбөйөт. Поездге 70 вагон чиркелген.