Кыргызстанда түн ичинде 3,5 баллдык жер титирөө болду

Бүгүн, 6-январда түн ичинде өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 1:37де катталган. Жер астындагы силкинүүлөрдүн очогу Фергана тоо кыркасында, тактап айтканда, Жаз-Кечүү айылынан түндүк-чыгышка карай 10 чакырым, Көсө-Терек айылынан чыгышка 18 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-чыгышка 60 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Жаз-Кечүү, Көсө-Терек жана Кызыл-Үңкүр айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан