Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде чырдашкан кыздарга тийиштүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуянын катышуучулары болгон 17 жаштагы 2 жана 21 жаштагы 1 жаран милиция бөлүмүнө алынып келген. Натыйжада, жашы жетелектердин ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин 102-беренеси (Ата-энелик милдеттерди аткарбоо) боюнча протоколдор толтурулган.
Ал эми 21 жаштагы жаранга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча тийиштүү чара колдонулуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле мейманкананын ээси Укук бузуулар кодексинин 74-беренеси (Балдардын болушуна тыюу салынган же чектелген жерлерде болушу) боюнча жоопко тартылган.