Биз социалдык тармакта

Унаасын таштай качкан мас айдоочу кармалды

Бишкекте жол тескөөчүлөрдөн качууга аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, ал жол тескөөчүлөрдүн талаптарына баш ийбей качууга аракет кылган. Амалкөйлүккө салып, унаасын токтотуп, ачкычын ыргытып жиберген жана жөө качып жөнөгөн. Бирок ал жол тескөөчүлөр тарабынан кармалган.

Натыйжада, айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, анын спирт ичимдиктерин ичкени тастыкталган.

Окуянын жыйынтыгында айдоочуга карата тиешелүү укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, унаасы атайын токтотмо жайга токтотулган.

Унаасын таштай качкан мас айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан