Бишкектин Свердлов райондук милициясы балдарга физикалык жана психикалык зомбулук көрсөтүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Маалымдалгандай, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Буга чейин социалдык тармактарда жаш балдарды мазактап, коркутууга алган адамдын видеосу тараган. Видеодон балдарга ар түрдүү ыкмаларды колдонгону, сыра ичирип, бетине көбүрүүчү курулуш каражатын чачып, уктап жатканда электрошокер менен ойготуп жатканын көрүүгө болот.