Биз социалдык тармакта

Милицияга үй кызматчысы чалган... Бишкекте 58 жаштагы кишинин сөөгү өз үйүнөн табылды

Бишкекте 58 жаштагы кишинин сөөгү өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-январда болжол менен саат 11:00дө милицияга чалган адам каза болгон кишинин алдында тапанча бар экенин кабарлаган. Ал өзүн ошол үйдүн кызматчысы катары тааныштырып, маркум үй ээси экенин айткан.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышып, маркумдун сөөгүн ашканадан табышкан жана анын денесинин астында тапанча болгонун аныкташкан. Окуя болгон жерди кароодо мушташуунун белгилери такталбаган жана сөөктү текшерүүдө ок жаракатынан башка кошумча жаракаттар табылган эмес.

Райондук милиция аталган факт алдын ала өзүн-өзү өлтүрүү катары бааланып жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 12:59:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан