Ош шаардык милициясы 7 жаштагы кызга ыдык көрсөтүү боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга 4 күн мурун, тагыраагы, 3-январда кыздын 35 жаштагы апасы арыз менен кайрылган. Ал кызына ал окуган мектепте айдоочу болуп иштеген 47 жаштагы киши ыдык көрсөткөнүн айткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ошондой эле милицияга ошол эле күнү 47 жаштагы айдоочу тарабынан да арыз түшкөн. Ал белгисиз адамдар үйлөрдүн биринде кордук көрсөтүшүп, колун зым менен байлап, "7 жашар кызга ыдык көрсөткөнүңдү моюнуңа аласың" деп коркутушканын билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) менен кылмыш иши ачылган.
Калаа милициясы тергөө аякташы менен кошумча маалымат берилерин убадалады.