Өзгөчө кырдаалдар министрлиги карылар үйүндө чыккан өрттө Алымбек Келешов аттуу куткаруучу эрдик көрсөткөнүн билдирип, видео жарыялады.
Анда анын жарандарды эвакуациялоо учурунда түтүнгө ууланганы айтылат. Келешов дарылануу үчүн ооруканага жаткырылганы, учурда абалы жакшы экени тууралуу да маалымат берилет. Алымбек Келешов - Бишкектин Октябрь районунун 5-өрт куткаруу бөлүгүнүн команда башчысы, прапорщик.
Эске салсак, кечээ, 6-январда Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт чыгып, 2 адам каза тапты.