
Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, анын үстүнөн милицияга 44 жаштагы киши арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ага Rexton үлгүсүндөгү унаасын 19 миң долларга баалап саткан. Бирок шектүү унааны башка бирөөгө сатып, жабырлануучуга соодалашкан сумманы бербей кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Бирок шектүү сотко барбай койгондуктан ага карата издөө жарыяланган.
Облустук милиция учурда ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.