Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясы эки заманбап моторлуу кайык жана жаңы муундагы учкучсуз учуучу аппараттар менен камсыздалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалымдалгандай, кайыктар бышык алюминийден жасалып, заманбап радар, камера жана сонар менен жабдылган. Техникалар браконьерлик аракеттерди жана адамдарды издөө иштери үчүн колдонулмакчы.
"Бул техника президенттин жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо жана туризм багытындагы чараларды күчөтүү максатында берилди. Жабдуулар экологиялык абалды жакшыртууга, мыйзамсыз балык уулоочуларга каршы күрөшүүгө жана суу объекттерин сактоого жардам берет",- деп айтылат маалыматта.