Манас шаарында унаасын атайын өрттөгөн блогерге айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал мындай ишке "хайп" үчүн барган. Өз кезегинде ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок маалыматта салынган айып пулдун өлчөмү айтылган эмес.