Биз социалдык тармакта

Тоголотуп салышкан... Чүйдө унаа уурдоого шектелген өспүрүмдөр кармалышты (видео)

Ысык-Ата районунда унаа уурдоого шектелип 19, 17 жана 16 жаштагы уландар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар Совет айылынын 42 жаштагы тургунунун унаасын токтоп турган жеринен айдап чыгышып, унааны тоголотуп салышкан. 42 жаштагы киши арыз жазып, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, 19 жаштагы жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, жашы жете элек балдар ата-энелеринин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүйдө унаа уурдоого шектелген өспүрүмдөр кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан