Ысык-Ата районунда 33 жаштагы жаран жубайын сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 7-январда Ивановка айылындагы үйүндө 30 жаштагы аялын ур-токмокко алып, анын кабыргасын сындырган. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Анын денесинен көгала тактар да аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.