Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында Nestlé компаниясынын өндүрүшүнүн айрым партиялары сатыктан алынып жатканын кабарлады.
Маалымдалгандай, мындай сунуш балдар тамак-аштарын тараткан "Forester" ЖЧКсы тарабынан берилген. Компания кургак, тез эрий турган сүттүү, кычкыл сүттүү жана лактозасыз аралашмалардын айрым чектелген партияларын ыктыярдуу түрдө кайтарып алуу чечимин кабыл алынган.
Буга аталган товарлардын чийки зат компоненттеринин биринде цереулид токсининин болушу мүмкүн деген тобокелчиликтер себеп болгон.