Орусиядан ташылып келе жаткан 44,2 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок

Өлкөгө Орусиядан ташылып келе жаткан 44,2 тонна картошка киргизилбегенин Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды" постунда товарды өлкөгө ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

"Бажы биримдигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 пунктуна ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан