Оштогу муниципалдык жаңы күнөсканага Түштүк Кореядан келген материалдар колдонулууда

“Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына караштуу жаңы күнөскананын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Кечээ, 8-январда мэр Жеңишбек Токторбаев барып көрүп кайтканын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, күнөскананын курулушуна керектелген материалдар Түштүк Кореядан алынып келинген.
"Жаңы күнөскана заман талабына ылайык, акыркы технологиялар менен жабдылып, гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системи толугу менен автоматташтырылган. Бул өз кезегинде иш процессин кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана жана башка керектүү шарттар да каралган",- деп кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан