Бишкекте лазер жарыгы менен башкаруучу жаңы жол чырак орнотулду

Бишкек шаарында Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы менен башкаруучу жаңы жол чырак орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдады.
"Мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет. Бул жол кырсыктарынын алдын алууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого түздөн-түз өбөлгө түзөт. Аталган долбоордун ишке ашырылышы муниципалдык ишкананын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, шаардык жол-транспорттук инфраструктурага заманбап чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле жол кырсыктарынын санын кыскартууга багытталган",- деп белгиленди маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан