Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Оштун Өзгөн райондук милициясынын үч кызматкери кармалганын бышыктады.
Атайын кызмат алар кыйноого алган эки жарандын бири башынан оор жабык жаракат алганын белгилейт.
Буга чейин Башкы прокуратура үч милиция кызматкери кармалып, тергөө иштери УКМКга өткөрүлүп берилгенин билдирген. Маалыматта аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликтен аша чабуу" жана "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренелери менен кылмыш иши ачылганы айтылган.