Беткапчан киши деген ат менен белгилүү болгон казакстандык жаран бул ирет Нагима аттуу 49 жашта аялдын үй-бүлөсүнө жардам берди.
Анын айтымында, жолдошу угуусу начар, сүйлөбөйт, 3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Ал эми эки баласы эпилепсия менен жабыркап келет. Өзү да кант диабетинен жабыркап, каттоодо турат. Алар ижарага алынган үйдө жашашат. Күнүмдүк жашоосуна той-топурларда идиш жууп, кышкыга жапкан салат, кыямдарын жарманкеде сатып киреше табышат.
Беткапчан киши бул үй-бүлөгө үй белек кылып, дарылануусуна жана алгачкы иш баштоосуна каражат берди.