Жаңы жылдын биринчи жумасында сасык тумоого чалдыккандардын саны белгилүү болду

2026-жылдын 1-жумасында курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 9490 учур болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирип, министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында жыйын өткөнүн белгиледи.

Маалым болгондой, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч бир аз көп. 2026-жылдын 5–8-январь күндөрү аралыгында — 6745 учур катталган.

Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абал жалпысынан туруктуу экени белгиленип, ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан