
Бийик тоолуу жана климаттык шарты катаал аймакта жашаган Нарын облусунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен, максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө лимити көбөйтүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Натыйжада буга чейин белгиленген лимит 189 648 киловатт сааттан 264 312 киловатт саатка чейин жогорулатылды. Суроо-талап эң жогору болгон убакытка карата электр энергиясын керектөө лимити 5 киловатт саатка чейин жетет.
Бул чечим Кыргызстандын энергосистемасынын эң жогорку жүктөм мезгилинде туруктуу иштешин камсыздоого багытталган чаралардын алкагында кабыл алынды.