Нарында көмүргө болгон баалардын жогорулашы аныкталган жок

Нарында көмүрдүн бааларын негизсиз жогорулатуу фактылары аныкталган жок. Бул тууралуу кечээ, 9-январда Энергетика министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, антимонополиялык органдар менен биргеликте көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар уюштурулду. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында баалардын негизсиз жогорулатылган фактылары аныкталган жок.
Жалпысынан Нарын облусу боюнча көмүрдүн баасы 5500 сомдон ашпайт, ал эми кара алтындын жалпы запасы 3 миң тоннадан ашык. Анын ичинен болжол менен 1,5 миң тоннасы "Кыргызкөмүр" ишканасынын социалдык отун базаларында топтолгон.
Кошумчалангандай, Нарын облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрациялар, аймактык бөлүмдөр, Энергетика министрлиги жана "Кыргызкөмүр" ишканасы калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча туруктуу негизде системалуу иштерди жүргүзүп келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан