SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР рубрикасына Бишкек шаарынын тургуну автобустун айдоочусуна ыраазычылык иретинде видео жиберди.
Анын айтымында, кечээ, 9-январь саат 11:00 чамасында №42 каттамдагы автобуста жагымдуу окуяга күбө болду.
"Ушул автобустун айдоочусу арабадагы мүмкүнчүлүгү чектелген кишини ЦУМдагы аялдамадан өзү түшүрүп, андан ары тротуарга чейин жеткирип, жакшы сөз айтып узатып койду. Аябай боорукер, адамгерчиликтүү инсан экен. Көрүп алып жүрөгүм жылыды", - деди окурман.
Ал каттамдын мамлекеттик номерин жазбай калганын кошумчалап, тийиштүү жетекчилик айдоочуга алкыш билдирип коюусун суранды.