Суусамыр өрөөнүндө оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, өз жолунда келе жаткан унаа менен сүзүшө кете жаздады.
Видео социалдык тармактарда тарап, колдонуучулар айдоочуну жоопко тартууну талап кылышууда. Анын аракетинин кесепетинен 5 кишинин өмүрүнө коркунуч жаралган.
Окуя боюнча тийиштүү кызматтардан расмий маалымат бериле элек.