Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери таңкы саат 05:00 чамасында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, унааны жашы жете элек жаран башкарып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча өспүрүм менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Өспүрүп унааны ата-энесине билгизбей, уруксатсыз айдап кеткендиги аныкталды.
Башкармалык ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө кайрылып, жашы жете элек балдарга унаа башкарууга жол бербөөнү, унаанын ачкычтарын бербөөнү жана коопсуз жерде сактоону эскертет.