Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 15 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелгендер кармалышты

Ак-Суу районунда 15 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип 19 жаштагы 2 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январда милицияга кайрылган 50 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кызы 2-январдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Издөө иштери жүргүзүлүп, жашы жетелек кыз табылган. Натыйжада кыз апасы менен бирге суракка алынган. Анда ал 7-январда Ак-Суу айылындагы үйлөрдүн биринде зордук-зомбулук көргөнүн билдирген.
Жашы жете элек кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр колго түшүрүлүп, суракта алар күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Алар камакка алынышты. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 12:56:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан