Кыргызстандын U-23 курама командасы Вьетнамга утулгандан кийин күйөрмандар эмоциясын жашыра алышкан жок. Оюндун соңунда Кыргызстандан колдоого барган айрым күйөрмандар көз жашын төгүштү.
Айта кетсек, кечээ, 9-январда Кыргызстандын футболчулары Сауд Арабиясынын Жидда шаарындагы "Кинг Абдулла Спорт Сити" стадионунда Вьетнам менен беттешип, 1:2 эсебинде жеңилди. Чечүүчү беттеш 12-январда орун алат. Анда Кыргызстан Иорданиянын курамасы менен ойнойт.