Төлөйкөн кичи районунда негизги көчө пайдаланууга берилди

Бүгүн, 10-январда Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда капиталдык оңдоодон өткөн негизги ички көчө расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышкан.

Узундугу 500 метр болгон көчө 4 тилкелүү болуп жаңыланып, 22 метрге чейин кеңейтилген. Жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Ошондой эле жолго кесилишкен дагы бир ички көчө да оңдолуп, пайдаланууга берилди.

Жаңы көчөлөр негизги мамлекеттик жолдорду бириктирип, унаа кыймылын жеңилдетүүгө шарт түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан