Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил багы заманбап эс алуу аймагына айланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев реконструкция долбоору менен таанышып, аймакты иретке келтирүү, эски курулуштарды алып салуу жана инфраструктураны жаңылоо боюнча тапшырмаларды берген.
"Эски борбордук базар көчүрүлгөндөн кийин анын ордуна Ак-Буура дарыясынын боюн бойлой жаңы сейил бак куруу пландалууда. Долбоор экологияны жакшыртууга жана эс алуу жайларын кеңейтүүгө багытталган", - деп айтылат билдирүүдө.