Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпиондугуна даярдык жүрүүдө

Бишкекте 18-24-январь күндөрү "Бишкек Арена" көп функционалдуу аренасында хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу (III дивизион, B тайпасы) өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары катышат.

"Турнир Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен, Хоккей федерациясынын уюштуруусунда, Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) жана өнөктөштөрдүн колдоосу астында өткөрүлөт", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан