Биз социалдык тармакта

Чуңкурчакка жакын жерде жол кырсыгынан жети жаштагы бала каза болду (видео)

Чүй облусундагы "Чуңкурчак" тоо-лыжа базасына жакын аймакта катталган жол кырсыгы адам өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, BMW X7 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ашуу сыяктуу жолдо рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып кетип, капчыгайга кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен жети жаштагы бала окуя болгон жерде каза тапты. Ал эми унааны башкарган айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Чункурчакка жакын жерде жол кырсыгынан жети жаштагы бала каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 12:54:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан