Кыргызстанда жаш балдар арасында эшек менен улак чабуу боюнча мелдештер популярдуулукка ээ болууда. Аймактык салттык оюндар катары башталган бул мелдештер акыркы күндөрү көпчүлүктүн көңүлүн буруп, айрым райондордо демилгелер спорттук турнирлерге айланып жатат.
Катышуучулар эшек менен улак талашып, өз чеберчилигин көрсөтүшүүдө.
Дал ушундай мелдештин бири Чүй өрөөнүндө орун алып, улуулар мелдешти уюштуруп, балдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Жеңүүчүлөр медалдар менен сыйланышты.