Биз социалдык тармакта

Бишкекте жеке менчик бала бакчада чыккан өрт толук өчүрүлдү  

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан үч кабаттуу жеке менчик бала бакчада чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өрт саат 10:55 чамасында чектөөгө алынды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метрди түзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар же каза болгондор катталган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерде коопсуздук чаралары толук камсыздалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан