
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери түнкү көңүл ачуучу жайларда алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы тарабынан борбор калаадагы түнкү көңүл ачуучу жайларда жана клубдарда рейддик алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Иш-чаралар жаңы жылдык майрам күндөрүндө баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу, тиешелүү мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана коомдук коопсуздукту күчөтүү максатында уюштурулду.
Иш-чарага кызматтык-издөө иттери, ошондой эле "Шумкар" атайын багыттагы полкунун жоокерлери тартылды.