Бүгүн, 11-январда Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери шектүү түрдө жүрүп бара жаткан Lexus үлгүсүндөгү унааны байкашкан. Кызматкерлердин унааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талаптарына карабастан, айдоочу баш ийбей, качууга аракет кылып, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу менен башка жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан.
Көрүлгөн ыкчам чаралардын жыйынтыгында унаа токтотулуп, текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында айдоочунун мас абалында экени аныкталды.
Аталган факт боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, унаа айып короого коюлду.