Бүгүн, 11-январда Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде KIA Optima жана Subaru Legacy унаалары кагышканын милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен KIA унаасындагы үч жүргүнчү, алардын ичинен 10 жана 12 жаштагы эки бала жана 18 жаштагы өспүрүм жабыркады. Алар жеринде медициналык жардам алышты.
Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү башталды, автоунаалар айып короого коюлду.