Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас жаран май куюучу жайда айдоочуга кол салып, унаасын уурдап кетти (видео) 

Бишкекте май куюучу жайда айдоочуга кол салып, анын унаасын айдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда милициянын Кайгуул кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, окуя 10-январда саат 10:00 чамасында Руставели жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайда болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мас абалындагы жаран айдоочудан акча сураган. Ал баш тарткандан кийин мас жаран агрессивдүү мамиле жасап, ага кол салган. Чыр учурунда шектүү жаран жабырлануучуну түртүп жиберип, анын ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз айдап кетип, Гагарин көчөсү аркылуу из жашырган.

Натыйжада шаардык милициянын аракети менен ал Гагарин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде кармалды. Кармалган жаран 2001-жылы туулган У.уулу Н. экендиги аныкталды.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Бишкекте мас жаран май куюучу жайда айдоочуга кол салып, унаасын уурдап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 12:51:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан