
Акыркы сутка ичинде, 11-январда республика аймагында 19 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12-январда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 6, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылган.