Биз социалдык тармакта

Ноокатта уурдалган унааны башкасына алмаштырып жиберген эки шектүү кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда бирөөнүн унаасын уурдап, аны башка унаага алмаштырып жиберген деп 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1-декабрда милицияга аталган райондун тургуну арыз менен кайрылды. Анда үйүнүн алдында турган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси менен (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Натыйжада шектүү катары 2003-жылы туулган М.Н. жана 2007-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан