Таласта киши өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-январда милицияга кайрылган жаран 57 жаштагы атасынын өлүмүнө күнөөлүү жаранды табууну өтүнгөн. Маркум ооруканада көз жумганы тастыкталып, зарыл болгон экспертиза дайындалган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө ал өзүнүн үйүндө маркум менен спирт ичимдигин ичип отуруп чырдаша кеткенин, натыйжада аны таяк менен башка чаап салганын айткан. Учурда тергөө иштери уланууда.