Бишкек шаардык милициясы күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн айтып чыккан Адинай Жолдошбек кызы аттуу келин былтыр 27-декабрда арыз менен кайрылганын билдирди.
Маалымдалгандай, ал жолдошунун кысымына кабылганын айткан. 29-декабрда анын жолдошуна карата Жоруктар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча административдик укук бузуу боюнча арыз берилген.
Анын негизинде Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү 3 күнгө атайын кармоочу жайга камакка алынган.
Буга чейин социалдык тармактарда Адинай Жолдошбек кызынын жолдошунан зомбулук көрүп, ажыраша албай жатканын айтып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылган видеосу тараган.