Биз социалдык тармакта

Милиция өзү телефон чалган... Сузакта аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Сузак районунда жубайын өлтүрүүгө шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-январда шектүү өзү милицияга телефон чалып, 28 жаштагы жубайын пикир келишпестиктен улам өлтүрүп алганын айткан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө шектүү Орусияда эмгектенип жүрүп, 2-январда үйүнө кайтып келгендигин жана жубайы менен пикир келишпестик жаралып, аны бычак менен бир нече жолу көкүрөккө сайып салганын айткан. Маркумдун жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Шектүү камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 12:51:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан