Кечээ, 11-январда АКШнын Лос-Анжелес шаарында "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.
Быйыл 83-жолу тапшырылып жаткан сыйлыкта "Эң мыкты режиссёр" наамын "Кармаш артынан кармаш" тасмасынын режиссёру Пол Томас Андерсон жеңип алды. Аталган тасма "Мыкты көркөм фильм – мюзикл же комедия" жана "Эң мыкты сценарий" номинацияларын да алды. Ошондой эле тасмада роль жараткан актриса Тияна Тейлор "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына татыды.
"Мыкты драмалык фильмди" Хлоя Чжао режиссёрлук кылган "Гамнет" тасмасы жеңди. Тасмада роль ойногон Жесси Бакли "Драмадагы мыкты актриса" деп табылды. Ал эми "Мыкты анимациялык фильм" сыйлыгы "K-Pop шайтан аңчылары" тасмасына берилди. Анимациялык тасмадагы "Golden" ыры "Эң мыкты оригиналдуу ыр" сыйлыгына да ээ болду.
"Күнөөкөрлөр" тасмасы "Мыкты саундтректи" жеңсе, "Жашыруун агент" тасмасы "Англис тилиндеги эмес мыкты фильмди" утуп алды.
Калган сыйлык ээлеринин тизмеси төмөнкүдөй:

Айта кетсек, "Алтын глобус" – 1944-жылдан бери Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясы тарабынан кино жана телефильмдердеги эмгеги үчүн ыйгарылган америкалык сыйлык. Ал Голливуд шаарында жашаган 90го жакын эл аралык журналисттердин добушунун негизинде аныкталып, жыл сайын январь айында ыйгарылып келет.